Жумгал районунда билим берүү адистерине турмуш-тиричилик коопсуздугу боюнча окуу өттү

Жумгал районунда билим берүү адистерине турмуш-тиричилик коопсуздугу боюнча окуу өттү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, Жумгал районунун айыл аймактарынын билим берүү мекемелеринде “Жергиликтүү деңгээлде өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү жана кырсыкты азайтуу маселелери” деген темада окуу болуп өттү. Окуунун негизги максаттары - турмуш-тиричилик коопсуздугу сабагынын окутуу усулдары боюнча иштелмелерди иштеп чыгуу, өзгөчө кырдаалдарга болгон даярдыктарды күчөтүү, андан тышкары жарандык коргонуу мыйзамынын жана башка ченемдик-укуктук актыларынын талаптары боюнча мектеп мугалимдеринин билимин жогорулатуу жана тажрыйба арттыруу. Окуунун жүрүшүндө мектептерге, бала бакчаларга биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө аптечкалар таратылып берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mahabat.
2014-12-03 18:00:00
лариса жолдошевна журобу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан