14-февраль - Сүйүү күнүнө карата SUPER.KG порталы сюрприздерге бай сынак жарыялады
14-февраль - Сүйүү күнүнө карата SUPER.KG порталы сюрприздерге бай сынак жарыялады. Сынакка катышууну каалагандар аdmin@super.kg электрондук дарегине сүйүктүү адамы менен түшкөн кызыктуу сүрөтүн сүйүү баяны менен жазып жиберүүсү шарт. Ошондой эле сүйүүсүн оригиналдуу жол менен билдиргендерге да өзүнчө супер белектер бар. Сынакка катышуу үчүн жиберилген сүрөт SUPER.KG порталына жайгаштырылып, добушка коюлат. Сүрөттөр сапаттуу, мүмкүн болсо электрондук вариантта болгону жакшы. Катышуучулардын жашы чектелген эмес, 8-февралга чейин кабыл алынат. Ошондой эле катышуучунун аты-жөнү жана байланыш телефону жазылышы керек.