Борбор калаада студенттер уюштурган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

Бишкекте бүгүн, 8-декабрда Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенттери уюштурган “Бишкек фокуста” аталыштагы сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө аталган окуу жайдын коридорунда жайгаштырылган. Иш-чаранын уюштуруучусу ал жерден тынымсыз студенттер өтүп, ага сөзсүз көңүл бурарын белгиледи.

“Иш-чаранын негизги максаты - борбор калаабызды башка көз караш, башка ракурс менен карап, ага жаштарыбыздын көңүлүн буруу. Көргөзмөгө окуу жайда окуп жаткан ар улуттун өкүлдөрү тарткан 25 мыкты сүрөт коюлду. Ал 80ден ашуун сүрөттүн ичинен студенттердин добушу менен иргелип алынган. Сүрөттөр сентябрь айынан бери чогултулган. Анда адамдар, тамак-аш, шаардын көрүнүшү жана башка көптөгөн темалар камтылган. Бул көргөзмө бизде алгачкы жолу өтүүдө, буюрса, келерки жылы чоң масштабдагы көргөзмө өткөрөлү деген пландар бар",- дейт көргөзмөнүн уюштуруучусу Наргиза Рыскулова. 

Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары сүрөт тартууда кандай ыкмаларды колдонуу керектигин, канткенде жакшы сүрөттөр жараларын талкуулашты. Маалым болгондой, көргөзмө ушул аптанын соңуна чейин уланат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан