Бүгүн, 8-декабрь күнү Лейлекте “Айкөл” жана “Кулунду” чек ара заставасынын жаңы курулуп бүткөн имараты ачылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жаңы имаратта аскер кызматкерлери үчүн бардык шарттар каралган. Анын ачылыш аземине тиешелүү жетекчилер, жергиликтүү бийлик жана күч органдары катышышты.
Айта кетсек, жыл башынан бери республикалык бюджеттин эсебинен чек арачылар үчүн 5 жаңы объект курулуп, колдонууга берилген.