Украинадагы Кыргыз Республикасынын элчилиги “Charity Bazaar-2014” аталыштагы 22-кайрымдуулук дипломатиялык көргөзмө-жарманкеге катышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Украинадагы элчилиги аталган жарманкеде улуттук тамак-аштардын түрүн жана улуттук колоритте жибек, кийиз жана булгаарыдан жасалган буюмдарды койду. Иш-чарага жалпысынан 32 өлкөнүн элчиликтеринин өкүлдөрү катышты.