Кант шаарында орун алган Орусиянын базасы
кечээ, 8-декабрь күнү Су-25 үлгүсүндөгү
жакын жерден объектилерге чабуул коюучу согуштук беш учак менен толукталды. Бул тууралуу
маалымат Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий сайтында айтылган.
Белгилүү болгондой, базада ал учактарды кабыл алуу аземи болуп өттү. Эске салсак, буга чейин Борбордук аскер
округунун командачысы Владимир Зарудницкий Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн
Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев менен жолугуп, базанын аймактык ролун
жогорулатуу боюнча макулдашкан болчу.