Кар күрткүлөрүнө толуп калган Жалал-Абад - Орток унаа жолун тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 10-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 7-8-декабрь күндөрү жааган кардын жана катуу шамалдын кесепетинен Жалал-Абад - Орток унаа жолунун 40-50-чакырымдары кар күрткүлөрүнө толуп, мындан улам жол жабылган. Кечээ, 9-декабрда жолду кар күрткүлөрүнөн тазалоо иштерине 1 даана бульдозер тартылып, бүгүнкү күндө 2 чакырым аралык тазаланды. Тазалоо иштери улантылууда.