Ош шаарынын бир катар аймактарында жылуулук отканаларынын иштөөсү текшерилди

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кечээ, 10-декабрда жылуулук отканаларынын иштөөсүн жеринде көрүү максатында бир катар аймактык кеңештеринин жашоочулары менен кезикти. Аталган иш-чаранын алкагында шаардын Фрунзенский, Резиденция аймагындагы жана С.Ибраимов, А.Сүйүнбаев көчөлөрүндөгү жеке турак үйлөрдүн жана бир катар көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларын жылуулук менен камсыздоо максатында орнотулган модулдук откананын иш ыргагы менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Президентибиз, өкмөт жана мэрия баш болуп шаар тургундарын жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоого миллиондогон каражат жумшап, канчалык аракеттенбесин, жергиликтүү тургундар да бул иштин маанилүүлүгүн эске алып, өздөрү сарамжалдуулук менен мамиле кылышпаса, натыйжасы аткаруу бийлиги күткөндөй болбой калууда",- дейт "Жылуулук камсыздоо" муниципалдык мекемесинин жетекчисинин орун басары Беделбай Кадырбаев.

Белгилеп кетчү жагдай, көп кабаттуу батирлердин айрым тургундарынын үйлөрүн көзөмөл жүргүзүү учурунда жогорудагы максатта коюлган жылуулук өткөрүү түтүктөрүндөгү чорголор атайын адистер тарабынан кесилип алынып, кошумча түйшүктөр жаралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан