Өзгөн районунда кардын калыңдыгы 1 метрден ашып, ички чарбалык жолдор жабык турат

Өзгөн районунда кардын калыңдыгы 1 метрден ашып, ички чарбалык жолдор жабык турат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, жааган кардын кесепетинен аталган райондун Ийри-Суу айыл аймагынан Ор-Казган айылына баруучу ички чарбалык жол жабылган. Анын жалпы узундугу 20 чакырымды түзөт. Жолду тазалоо иштерине 1 бульдозер тартылган. Бирок тазаланган жол кайра эле кар күрткүлөрүнө толуп калууда. Мындан улам бульдозер орто жолдо калган. Азыркы тапта жол каттамы жоктугунан улам үзүлгөн электр өткөргүчтөрү калыбына келтирилбей турат. Учурда кошумча техника жөнөтүү маселеси каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан