12-декабрь күнү Ош шаарында кыргыз-өзбек чек ара мекемелеринин жетекчилери жолугушат. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасындагы абал, 2014-жылдын жыйынтыгы жана 2015-жылда аткарылуучу иштер талкууланат. Ошондой эле эки өлкөнүн чек ара тилкелериндеги конфликттерди болтурбоо, алдын алуу маселелери каралат.