Ошто мектептерде Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган иш-чаралар 2 аптага созулат

Бүгүн, 11-декабрда Ош шаарындагы №10-орто мектепте 12-декабрь – Адабият күнүнө карата “Ч.Айтматовдун чыгармалары – улуттук мурас” аттуу адабий-музыкалык кече болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, анда мектеп окуучулары Ч.Айтматовдун чыгармаларынан монолог айтып, сахналаштырып беришти. Жазуучунун өмүр жолу жана чыгармаларынан суроолор берилип, туура жооп берген окуучулар баалуу белектер менен сыйланышты. Белгилей кетсек, Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган иш-чаралар аталган башкармалыкка караштуу окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептерде өзгөчө белгиленет. Ошондой эле башка мектептерде да 11-декабрдан 23-декабрга чейин белгиленген графиктин негизинде өткөрүлмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан