Кочкор районундагы Маданият үйүндөгү оңдоп-түзөө иштеринин сапатын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары текшерет

Нарын облусунун Кочкор районундагы Көк-Жар айылынын Маданият үйүндөгү оңдоп-түзөө иштеринин сапатын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары текшерет. Мындай билдирүүнү КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги таратты.

“Аталган айылдык Маданият үйү жергиликтүү бийлик органдарынын балансында болгондуктан, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат. Оңдоп-түзөө иштеринин сапатына көзөмөл жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлүшү керек. Мыйзам боюнча, келип түшкөн 1,8 миллион сом өлчөмүндөгү гранттык каражат бенефициар тарабынан буйрутма берген тарапка которулат. Маданият үйлөрү жергиликтүү бюджеттен каржылангандыктан, ремонттун сапатына жергиликтүү бийлик органдары менен түзүлгөн келишимдин негизинде ремонт иштерин жасаган компания жооп берет” деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан