Бүгүн, 12-декабрь – залкар жазуучу
Чыңгыз
Айтматовдун туулган күнүнө карата анын урматына бир катар иш-чаралар уюшулат.
Алардын катарында жазуучунун атын алып жүргөн Мамлекеттик жаштар сыйлыгы өкмөт
тарабынан тапшырылмакчы. Бул тууралуу КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык,
анда 6 лауреатка жана 9 дипломантка сыйлык тапшырылат.
Кошумчалай кетсек, 2008-жылы өлкө башчынын жарлыгына ылайык, тийиштүү номинацияларды сактап калуу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгы Чыңгыз Айтматовдун ысымын алган.