Өлкө аймагында бүгүн, 12-декабрь - залкар жазуучу, кыргыз адабиятынын сыймыгы
Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өтөт. Борбор калаада "
Айтматов-адамзат" аталыштагы эскерүү иш-чарасы уюштурулат. Ал "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине баруу менен башталмакчы. Ошондой эле “Айтматов жана окуу” деген аталыштагы акция уюштурулат. Акциянын алкагында катышуучулар Ч.Айтматовдун чыгармасынан бир нече саптарды окуп, ал кайсы чыгармадан экенин табышат. Иш-чара педагогикалык окуу жайлардын ыктыярчыларынын көмөгү менен уюштурулмакчы. Майрамдык жана эскерүү иш-чаралары өлкөнүн бардык аймактарында өтөт. Анда Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган сүрөт көргөзмөлөрү, адабий кечелер уюштурулат.
Эске салсак, Чыңгыз Айтматов тирүү болгондо бүгүн 86 жашка толмок.