2012-жылы Бишкекте бруцеллёз менен ооругандардын саны 46,7 пайызга азайган

2012-жылы Бишкек шаарында бруцеллёз менен ооругандардын саны 2011-жылга салыштырмалуу 46,7 пайызга азайган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Ошондой эле сарыктын В түрү менен ооругандар 18,8 пайызга, сарыктын С түрү менен ооругандар 26 пайызга, бактериалдык менингит менен ооругандар 9 пайызга, скарлатина 17,4 пайызга, сифилис 54,5 пайызга, эхинококкоз 8,1 пайызга азайган. Ошол эле учурда сарыктын А түрү, котур, ВИЧ, СПИД, кургак учук жана жыныстык жол менен жугуучу илдеттер менен ооругандардын саны көбөйүп жатканын айтат мэрия.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан