Кыргызстандын социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясы менен медико-социалдык экспертизаны реформалоого каржылык колдоо маселесин талкуулады. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Быйыл биз мурдагы кылымдын 30-жылдары бекитилген принциптери менен иштеген Медико-социалдык адистик комиссияны реформалоону баштадык. Эми биз ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды 3 топко эмес, эмгектенүүгө мүмкүнчүлүгү бар же жок экенин белгилөөгө ниеттенип жатабыз. Ушул реформаны ишке ашырууга 10 миллион доллар керек. Азыркы тапта өнөктөштөр менен каржылоо маселесин талкуулап жатабыз",- деди Базарбаев.
Улуттук ассамблеянын өкүлдөрү өз кезегинде бул реформаны колдоону караштырууга даяр экенин билдиришти. Мындан тышкары алар өз тажрыйбасы менен бөлүшүүнү сунушташты.