Борбор калаада 29-30-декабрь күндөрү жыл сайын өтүүчү жаңы жылдык жарманке өтүп жатканын бүгүн, 29-декабрда уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2 күнгө созулган жарманке борбордогу Жумабек жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн ортосунда орун алып, саат 08:00дөн 17:00гө чейин болмокчу. Чүй жана башка аймактардан алынып келген азык-түлүктөр, эт, колбаса, балык жана таттуу азыктар сатыкка коюлат. Ошондой эле жарманкенин алкагында жаңы жылдык атрибуттар да сатылып, ага келген ар бир кардар өзүнө керектүү нерселерди табууга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.