Өлкө аймагындагы жааган карга байланыштуу тоолуу аймактардагы унаа жолдоруна кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу "Кыргызгидрометтин" басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2015-жылдын 3-январынан 6-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Бишкек - Талас (198-210-чакырымдары, Өтмөк ашуусу) кар көчкү түшүшү ыктымал.
Ошондой эле Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырым), Каракол - Эңилчек (45-90-чакырым), Казарман - Ак-Тал-Чат (67-94-чакырым, Кара-Көө ашуусу) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр кыймыл чектелиши зарыл.