Хакерлер муфтияттын сайтына кол салышып, башкы бетке тапанча кармап турган кыздын сүрөтүн жайгаштырышты

Кыргызстандын муфтиятынын расмий сайтына хакерлер кол салышты. Учурда сайттын башкы баракчасынан тапанча кармап турган кыздын сүрөтү көрүнүүдө. Мындан тышкары анда "Эркин Сирия", "Эркин Палестина", "Колдон келбей турган нерсе жок", "Алжирден келген чабуул" деген жазуулар бар.
Муфтияттын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришкендей, бул хакердик чабуул Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын саясатына каршы чыккан топтор тарабынан уюштурулушу мүмкүн. "Чабуул 3-январда орун алган. Учурда сайтты түзгөн адистер оңдоо иштерин жүргүзүшүүдө",- деди муфтияттын басма сөз катчысы Асан Саипов.
Айта кетсек, буга чейин 2 жылдын ичинде хакерлер өкмөт, Бишкек мэриясы, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Акыйкатчы институтунун сайттарын бузушкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
etaj_rus79
2015-01-05 11:32:49
Алладан коркула асылбаганынар муфтият калды эле эмне бул кылганынар Аллага согуш ачканынарбы Аллахым баарыбызга ынсап ыйман берсин
+5
Nurmuhammad
2015-01-05 11:33:42
Тапанча кармата койсо эле бир нерсе озгормок беле?!
Мунун баарын кимдер кылып жатканы белгилуу.
Ислам динин эч качан, эч ким жене албайт.
Азыр мамлекетте муфтият тарабынан жургузулуп жаткан иштер туура багытта бара жатат. Муну коро албаган дин душмандарынын чабуулу алсыз, колдорунан эч нерсе келбейт.
0
12.12.12
2015-01-05 11:42:02
Кудай сакта. Биздин олкодо тынччылык эле болсун.
+2
zman53
2015-01-05 12:24:25
Сайтты тузгон адистер хакердик чабуулдун алдын-ала албагандыгы корунуп турат.Бугунку кундо эч нерсеге ишенич жок.Бир нерсени жасаардан мурун,баардыгын алдын-ала жакшылап жасаш керек.Бул бугунку кундун талабы.
+2
suiuktuujar
2015-01-06 12:36:50
Кудай сактасынчы кыргыз элим тынч эле жашайлычы.
0
kg.sity93
2015-01-06 13:33:36
Хакерлер кыйын го э.оюндагысын крыла беришет го..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан