Бүгүн, 6-февралда Орусиянын Кемерово шаарында өтүүчү бильярддын эркин пирамида түрү боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан 6 спортчу катышат. Аталган мелдеште 27 өлкөнүн атынан 67 спортчу ат салышмакчы. Бильярдчы Каныбек Сагынбаев биринчи оюнда Павел Мехов менен беттешсе, оюндун кийинки бөлүгүндө Ильяс Адамов менен Александр Чепиков, Ызатбек Раатбеков менен Ярослав Тарновецкий, Качкынбай Нурумбетов менен Александр Бедевка, Зайлан Адамов менен Максим Пан жана Канат Сыдыков менен Артур Воробьёв күч сынашат.