КРнын Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов 6-январда Баткен облусундагы курулуп жаткан Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык - Кишемиш жана Көк-Таш - Ак-Сай унаа жолдорунун абалы менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолундагы көпүрөнүн курулушу өткөн жылдын ноябрь айында аяктаган. Ага сарпталган каражаттын суммасы 13 миллион сомду түзгөн. Ошондой эле министр Баткендеги Ак-Сай айылындагы айланып өтүүчү жолдун курулушу менен таанышты. Ак-Сай - Рават айланма жолунун 25 чакырымы бүткөн.