Борбор калаада бүгүн, 8-январда өлкө аймагындагы балдар интернаттарынын жетекчилеринин катышуусунда Социалдык өнүктүрүү министрлигинин коллегиясы өтөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жылуулук сезонун өткөрүү боюнча коллегияга өлкө аймагындагы бардык балдар үйлөрүнүн жетекчилери жана өкүлдөрү катышмакчы.