Парижде террордук актты уюштурган ага-ининин өлтүрүлгөндүгү айтылууда

"7-январда Франциянын борбору Париж шаарында "Шарли-Эбдо" журналынын кеңсесине кирип, кызматкерлерин аткылап салган" деп шектелген ага-ини Шериф жана Саид Каушилер өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар Франциянын ИИМине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, террорчуларды кармоо боюнча атайын операция 3 күнгө созулган. "Мындан тышкары кечээ, 9-январда кечке жуук Каушилердин жардамчысы делген Амеди Кулибали Париждин чыгыш бөлүгүндө жайгашкан дүкөндө 10 чакты адамды барымтага алган. Аларды бошотуу операциясынын жүрүшүндө 4 адам набыт болуп, алардын арасында Кулибали да бар. Дагы 4 адам жаракат алган",- деп жазышты басылмалар.
Эскерте кетсек, 7-январда саат 11:00 чамасында Франциянын борбору Париж шаарында террордук акт орун алган. Анда үч террорчу "Charlie-Hebdo" ("Шарли-Эбдо") сатиралык журналынын кеңсесине кирип, 12 адамды аткылап салган. Эртеси күнү президент Алмазбек Атамбаев Франциянын мамлекет башчысы Франсуа Олландга аталган террордук актка байланыштуу көңүл айткан. Андан соң кыргызстандык ММКлардын өкүлдөрү курман болгон француз журналисттерине көңүл айтуу максатында тынч митинг өткөрүшкөн
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
kosmomir
2015-01-10 15:24:05
Бир карын майды.
Бир кумалак чиритет!
-4
33SUUN
2015-01-10 16:05:16
kosmomir, алар кумалак эмес Мухаммед пайгамбарды сыйлаган эр журок мусулмандар.
+6
sabyr1977
2015-01-10 16:24:46
33 SUUN бул не дегенин.террористтерди колдоп аткпндайсынго сен?
-1
Rifle
2015-01-10 16:46:09
sabyr1977,
Алар террор эмес. Алар нукура мусулмандар. Мухаммед (САВ) карикатурасын тарткан, ислам динин мазактоо бул соз эркиндиги эмес, бул шылдындоо болуп саналат.
Франция учун гейлерди колдоо, педофилияны закондоштуруу соз эркиндиги. Еврейлерге мин ххххххх.
+4
zara__
2015-01-10 16:50:06
Мухаммед пайгамбарды сыйласа башка диндегилерди атып салыш керекпи.Террористер ислам динин жамын билген намазын окуштат.
+3
kg.sity93
2015-01-10 17:53:53
Эмнеге аларды колдоп жатасынар.мен тушунбодум..Адам олтурсо жакшыбы.бей куноо адамдардын аткылаганы неси..террорист эмей анан Ким алар.аларды кантип мусулман деп атоого болсун..
-2
aruuzat88
2015-01-10 18:13:42
Пайгамбарыбыз Мухаммад С.А.В айткан кайсы бир мусулман, мусулманга зыян келтирсе, ал менин уммотум эмес деп.Аны сынарындай эле булар ислам динин каралоочу кылмышкерлер.
+3
Almaz_kg
2015-01-11 01:41:28
Пайгамбарыбыз Мухаммад(САВ)ды шылдындагандар ушул дуйнододо эле жазасын алып баштады. Аллах сактасын андайдан
+5
Timon
2015-01-11 18:36:54
Миңдеген мусулмандар өлүп атса дүйнө көзүн жумуп артты карайт...12журналист өлсө мусулмандар
кылып атат мунун баарын деп дүйнө жүзү безилдейт..сакалчандын баары эле мусулман дегени эместа..
+2
ak-buura
2015-01-11 22:12:35
Ким кимге боор тартса ошолордон
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан