Алдын ала маалымат боюнча, 10-январда саат 10:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолунун 9-чакырымында болжол менен 2500 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылды. Ага 3 бульдозер тартылып, тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Унаа жолу убактылуу жабык. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.