Үрүмчүдө кыз-келиндерге паранжы кийүүгө расмий түрдө тыюу салынды

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун борбору Үрүмчүдө кыз-келиндерге паранжы кийүүгө расмий түрдө тыюу салынды. Мындай чечим элдик өкүлдөрдүн туруктуу комитети тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык, мындан ары жергиликтүү кыз-келиндер коомдук жайларга паранжы кийип чыга алышпайт.

Маалыматка ылайык, Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун калкы 21 миллиондон ашуун. Калктын басымдуу бөлүгүн уйгур жана кытай улутундагы жарандар түзөт.

Чет элдик маалымат каражаттары жазып чыккандай, 2014-жылдын август айында өкмөт тарабынан Синьцзяндын түндүк-батышындагы Карамай шаарында узун сакалчан жана мусулман кийимдерин кийген жарандарга коомдук унааларга отурууга тыюу салган. Мындай чечим Синьцзяндагы бир нече жолу катталып, 100дөн ашуун адамдын өмүрүн алган кол салуулардан кийин кабыл алынганы айтылууда. Бул кылмыштарга жүздөгөн уйгур улутундагылар шектүү катары кармалган. Алардын айрымдары камакка алынып, айрымдары өлүм жазасына тартылганы айтылат маалыматта.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kairatmyn
2015-01-12 14:46:46
Каапырлар кыяматты унутуп калганго. Ар бир кадамга кыяматта жооп бериш бар. Мамлекет канчалык бут тоскон сайын наборот дин адамдары мамлекетке очошуп тиш кайрай берет анан ар кандай жаман иштер башталат. Теракт теракт дешет ошого мамлекет озу себепчи себеби мусулмандарды шылдындап ар кандай создор менен ушактай берген учун болуп жатат. Мисалы ким ИСЛАМ динибиз жонундо жаман соз айтып жатса же жамандап жатса мен карап турбайм.
+2
Adilettikenek
2015-01-12 22:49:38
Эч нерсе дей албайм! Элдин башы айланып калды,бул саясат деген немеден
0
Aitunuk
2015-01-13 07:00:35
Колдойм. Бизде да тыюу салуу керек. Кыргыздар эч качан карага чүмбөттөнүп жүргөн эмес.
0
maksnarin
2015-01-13 20:36:53
Туура эле бизде да тыйыш керек,кудай эле сактасын,ким кепилдик берет,паранжыны кийип алып терракт уюштурбайт деп бизде да....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан