Бүгүн, 12-январда Ош шаарындагы №7, №18 жана №20-мектептерде мугалимдердин январь декадалары башталып, анда өз билимин өркүндөтүү курстарынан өтүп келген мугалимдер жаңы маалыматтары менен бөлүштү. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мындан сырткары предметтер боюнча алдынкы педагогикалык тажрыйбасы бар мугалимдер тарабынан мыкты усулдар боюнча практикалык сабактардын үлгүлөрү көрсөтүлдү. Окутуудагы көйгөйлөр жана окуу китептеринин сапаттары боюнча талкуу жүрүп, секция жетекчилеринин 1-жарым жылдыкта аткарган иштери боюнча отчёттору угулду. Соңунда 2-жарым жылдыкка карата өткөрүлүүчү ачык сабактардын графиктери белгиленди.
Мугалимдердин январь декадалары 14-январга чейин уланып, ага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери жана бардык мектептин мугалимдери катышат.