Бүгүн, 12-январда Казакстандын Эл Баатыры, белгилүү дарыгер, академик Мухтар Алиев 81 жаш курагында жүрөк оорусунан улам дүйнө салды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Мухтар Алиев - Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы кудасы. Анын уулу Рахат Алиев Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаевага үйлөнгөн болчу. Кийин Р.Алиев "эки банкирдин өлүмүнө тиешеси бар" деп шектелип, 2014-жылдын июнь айынан бери Австрияда камакта отурат. Ал эми Р.Алиев Казакстандын Венедагы элчиси болчу жана кайын атасынын саясатын ачык сындай баштагандыгы үчүн айыпталып жаткандыгын жана өзүнүн күнөөлүү эместигин айтып келет. Казакстан Р.Алиевди эки жолу экстрадициялоо аракетин көрүп, бирок ал ишке ашкан эмес.