Бишкекте өткөн жылы 22 миңден ашуун ымыркай төрөлсө, алардын көпчүлүгү аз кандуулук менен жабыркайт

2014-жылы Бишкек шаарында 22 351 ымыркай төрөлгөн. Бул тууралуу 14-январда Бишкек шаарынын башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева билдирди. 

"Төрөлгөн балдардын 58 пайызы аз кандуулук менен жабыркагандар. Бул нерсе шаар үчүн жогорку көрсөткүч. Бул көрсөткүч жылдан-жылга көбөйүүдө",- дейт Р.Асылбашева. Дарыгердин айтымында, аз кандуулук жана ар кандай патология менен төрөлүүнүн бирден-бир себеби - эне кош бойлуу кезинде сасык тумоо сыяктуу оорулар менен ооругандыгы. Ошондой эле кош бойлуу айымдар фолий кычкылын ичпегендиги да аз кандуулук сыяктуу диагноздорго алып келүүдө. Дүйнөлүк практикада айымдар эне болууга даярдык көрүшөт жана кош бойлуу боло электе эле фолий кычкылын иче башташат. Ошол себептерден улам аз кандуулук менен жабыркашпайт.  

“Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо бөлүмү дагы артта калбай жаңы конуштун тургундарын маалыматтар менен камсыз кылып, ар багытта иш алып барууда. Райондук үй-бүлөлүк бейтапканаларда кош бойлуу айымдарга фолий кычкылдары бекер таратылып жатат",- дейт Р.Асылбашева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан