15-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 758 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 167 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 145 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 537 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 731 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 15-январда суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 миллиард 718 миллион метр кубду түзгөн.