Пайдаланылган электр энергиянын наркын "Түндүк электрдин" сайтынан эсептөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Эми пайдаланылган электр энергиянын төлөө суммасын “Түндүк электр” ишканасынын расмий сайтынан эсептөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда аталган мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, абоненттерге ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында бөлүштүрүүчү компаниянын сайтында “Калькулятор” онлайн-тейлөөсү иштеп баштады. Керектелген электр энергиянын наркын эсептөө үчүн абонентке тийиштүү графаларды толтуруп, “эсептөө” функциясын басуу зарыл.

"Калькулятор" кызматын “Түндүк электр” ААКсы тейлеген бардык турмуш-тиричилик абоненттери колдоно алышат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Patron
2015-01-16 09:38:58
Эсептетип кордук.Элди дагы деле алдап айына 700кв/ч дебей кунуно 24кв/ч деп так эле айтышса болмок экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан