Бүгүн, 16-январда Чүй районунун айрым аймактарында көмөк чордондогу оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач, Бек-Тоо айылдарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Жумуш учурундагы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн ишкана кечирим сурайт.