Татарстанда мечиттин элеси түшүрүлгөн алтын "Айфон" телефону жасалды

Татарстанда мечиттин элеси түшүрүлгөн "Айфон" үлгүсүндөгү алтын телефон жасалып, сатыкка чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда КРнын Муфтиятынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, орус-италиялык "Кавье" (Caviar) компаниясы уюлдук телефондун сырткы жасалгасын алтын менен кооздошкон.

"Бул жаңы үлгүдөгү смартфондун коллекциясынын саны чектелүү. Болгону 199 даана чыгарылган. Телефондун учурдагы баасы 177 000 рублду түзөт. iPhone 6 үлгүсүндөгү телефондун сырткы жасалгасы алтын түстө болуп, "Кул-Шариф" мечитинин элеси, Сөембике мунарасы жана Миллениум көпүрөсү түшүрүлгөн",- деп чет өлкөлүк басылмаларга таянып билдирет муфтият.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aruuzat88
2015-01-16 10:27:00
Баасы укмуш го.Кыргызстанда ал пулга кичинекей уй тургузсан болот.
0
Arti
2015-01-16 10:48:53
inshallah
0
Dadasdasd
2015-01-16 10:49:18
Ысрапчылык, ошондой чехолду ороп ал ошончо эле зарыл болсо.
+1
Nur45
2015-01-16 11:37:27
Ысырапчылык деп коп айтышыт ошодон коро ошол алтынга кембагалдарга жардам бербейби.
0
uulay
2015-01-16 12:16:28
Ошол телефон мн туалеттке киришет.Курандан суроо жазылган печатка кулондорду да тагуудан этият болуш кк. Ыйык создор мн туалеттке кирип жатпайбызбы. Мусор ыргытканы чыксам куран жазылган саатты ыргытып жиберишиптир
+2
Гулжигит
2015-01-16 13:00:40
Ичинер куйсо туз жалагыла! Колунардан келсе алгыла!
-1
kgmiko
2015-01-16 15:11:49
анчалык акчан ашып ташып жатаса бей бечараларга жардам бер ! Сооп иштерди жаса болбогон темирге алтын чаптап акылга сыйбаган ээн баштыкты кылбай! Же озум билем отугум торго илем болуп кеткеби же!
0
kg.sity93
2015-01-16 17:54:25
Мен Айфондун озун алалбай кызыгып журсо.кайдагы алтын.бул алтындан жасалган Айфонду чиновник же ырчы бизнесмен албаса.карапайым эч Ким албайт.Томондогу коммент эн сонун.бей бечарага жардам берсин да.ачка жетишпей жашагандар канча эээх ..заман заман....
0
origami
2015-01-16 17:55:07
Ошондо бул телефонду кимдер которот(диндегилерби)?Мусулманчылыкта эркектерге алтын менен жибек тагынып же кийсе болбойт дешет го?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан