Америкада төрөлүп-өскөн кыргызстандыктардын балдарына алиппе китеби даярдалууда

Америкада төрөлүп-өскөн кыргызстандыктардын балдарына кыргыз тилин үйрөтүү жана мекенин таанытуу максатында атайын алиппе басылып чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда "Kyrgyz USA community" жаштар коомунан билдиришти.
"Чет жерде жүргөндө айлана-чөйрөнү чет тил курчап, эне тилибиз унутта калып кетчү коркунуч бар. Балдарга кыргызча сүйлөп, кыргызча жомок айтып, кыргызча китеп окумайынча алар кыргыз тилин үйрөнүшпөйт. Кыргыз тилин сактап калуу, тилибизди байытуу - ар бир кыргыздын милдети. Андыктан "аракетке берекет" деп, мекенчил сезимди туу тутуп, кыргыз тилин үйрөтүү максатында аталган китепче быйыл басылып чыгарылат",- деп билдиришет жаштар коомунан. 
Алиппе Америкадагы кыргыздарга ылайыкташтырылып, 54 беттен турган заманбап журнал форматында жана системдүү түрдө жылына бир нече жолу басылып чыгат. Китепченин бет ачары жакынкы арада болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ariet7
2015-01-16 16:03:06
ээн сонун
0
kg.sity93
2015-01-16 17:40:49
Жакшы экен ..жаштарга ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан