Кечээ, 15-январда вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Ош шаарындагы иш сапарынын алкагында Курманжан датка, Нышанов, “Кыргыз-түрк достугу” атындагы мектептерде жана жаңы ачылган “Актан” балдар бакчасында болду. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Д.Ниязалиева Курманжан датка мектеби менен толук таанышып чыгып, анын көлөмүн чоңойтуу максатында кошумча канат куруу керектигин сунуштады. Мындан сырткары шаардагы №50, №52-мектептерде жана Жапалактагы жаңы курулган №73-балдар бакчасында да болуп, түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ага вице-премьер-министр менен катар КРнын Билим берүү жана илим министринин статс-катчысы Калысбек Шадыканов, Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов катышты.