Катуу сабалган 2 жаштагы бала өз алдынча дем ала баштады

Катуу сабалган 2 жаштагы бала өз алдынча дем ала баштады. Бирок абалы оор бойдон калууда, ошондуктан ал жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда SUPER.KG порталына "катуу сабалып, зордукталган" делген 2 жаштагы Ибрагимдин атасы Назар Түлибеков билдирди.

Балам дале эсине келе элек, бирок бүгүн дарыгерлер ал өз алдынча дем ала баштаганын айтышты. Анын өз алдынча дем алышы токтоп калуу коркунучу бар болгондуктан, дем алдыруу аппараты анын жанында даяр турат. Канча күндөн бери бүгүн "аз да болсо жылыш бар" деген сүйүнүчтүү кабар уктум. Эртең менен Ибрагимге дарыларын алып барганда аны көрүп чыктым. Кечээ Кыргызстанга Австралиядан бир адис келиптир, ал уулумду көрүп, сакайып кетет деп үмүттөнсө болорун айтыптыр. Күнүгө Ибрагимге 4-5 дарынын түрү сайылып жатат. Кудайдан күнү-түнү уулумдун жакшы болуп кетишин тилеп жатам. Буюрса, ал жакшы болуп кетет деген үмүтүм чоң”,- дейт Н.Түлибеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
danyshman
2015-01-16 17:15:22
Кудайга шугур жакшы болуп кетсин,ушул жакшы кабар уксам деп эле жанылыктарды карап жаткам.
0
aika1405
2015-01-16 17:22:12
Оздорунун уулу деле жок экен,Ибрагимди жакшы карап бала кылып алышса болмок.
0
kg.sity93
2015-01-16 17:26:58
Кудайым шыпаасын берип.айыгып кетсин..жакшы болуп кетсин
0
KUMKA
2015-01-16 17:32:24
Ушул нерсеге баласын таштап кеткен атасы туздон туз кунолуу,кудай жасасын берсин атасына. Даватта бышырып коюптурбу уй-булонду бага албагандан кийин.болбосо жанына ала кетпейби акмак.
+2
nazi25
2015-01-16 19:27:30
KUMKA, атасы деле тууганына ишенип таштаган да.Андай болоорун билсе,балким, таштабастыр эле.
+1
Aipri
2015-01-16 17:44:57
Баарыбыз учун, Ибрагимдин бугун дем алганы кубанычтуу жанылык болду. Буйруса, Жаратканым озу жардам берип жатат.
+2
gulmaray
2015-01-16 17:55:45
Атасы баласы учун дары дармек баарын алып берууго милдеттуу го,бирок мамлекеттин эсебинен эле дарылап беришсе болмок.Биз карап атабыз деп эле врачтары деле ьашкалары деле кунуго жыйын откоруп атышпайбы.Кудайым озу сактпсын!
0
Bakulya79
2015-01-16 18:02:57
Батырак жакшы болуп кетсин деп тилейм кудайдан.
0
Bella-life
2015-01-16 21:22:28
Ибрагимдин өмүрүн көпчүлүк кыргыз эли жакшы болуп кетишин тиленип, суранып жатышат. Кудайым баарыбыздын үнүбүздү угуп тез айыгып кетишини гана тилейбиз... Оозунан эне сүтү кете элек, али наристе неге мынча кордука кабылды экен?! Ушуну м.н баары артта калып келечекте Ибрагимге ден соолук, ыйман берип бактылуу балдардан болсун...
0
beva63
2015-01-16 21:40:18
кудайым озу колдоп шыпасын берсин
0
Ariet7
2015-01-16 22:18:52
иии кучугум ий аман эсен айыгып кетсинчи журогум оруп ойлонуп жаман болуп атам деги адамдар кайда баратышат?
0
Shaki
2015-01-16 23:27:00
Мен оз балдарыма кандай жакшы нерсени тилесем, Ибрагимге дагы ошону тилек кылам!! Коодонубуз жашка, кокурогубуз ызага толуп, баарыбыз Ибрагимге ден соолук тилеп, Аллахга жалынып жатабыз! Тилегибиз кабыл болсун! Сакайып кетсен экен балакайым!
0
saparova.kulpunai
2015-01-17 00:08:20
Айыгып кетсин,кудай колдоп.Кыргызымдын эр азамат уулу болсун
0
tynara1983
2015-01-17 10:27:43
Ибрагим жакшы болуп кетсин!!! Агасы менен женеси теги еле жакшылык кунун корбосун!!!
0
Arlenchik
2015-01-17 18:19:56
Айыгып кетсин эртерээк,байкуш бала мындан ары башынан кыйынчылык откорбосун
0
Azem2013
2015-01-18 15:37:37
Тезирээк сакайып кетсин! Мындан кийин эч жамандык корбой, жараткан озу колдоп журсун!
0
skatoruk
2015-01-19 08:55:12
Аллахым шыпаасын берсин .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан