2014-жылдын октябрь-декабрь айларында мөөнөттүү аскердик кызматты өтөөгө 3,5 миң адам чакырылган. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда маалымат жыйынында КРнын Башкы штабынын Башкы оперативдик-мобилизациялык башкармалыгынын жетекчиси, полковник Руслан Абдырахманов билдирди.
Анын айтымында, мындай сандагы жоокерлер Куралдуу күчтөрүн толуктоого жетиштүү. "Аскерге күзгү чакыруу боюнча келгендердин арасында чиновниктердин уулдары көп. Алардын саны 80ге жакын. Мындан тышкары жогорку билимге ээ болгондордун саны да көп болууда. Булардын саны 400дүн тегерегинде. Ал эми альтернативдик кызматты өтөөгө 14 миң жаран чакырылган",- деди Абдырахманов.