16-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 722 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 158 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 151 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 575 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 763 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 16-январда суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 миллиард 665 миллион метр кубду түзгөн.