Лейлекте кол салуудан улам жабыркаган чек арачылардын абалы орто

Лейлекте кол салуудан улам жабыркаган чек арачылардын абалы орто. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, лейтенант Н.Осмонов Ош шаардык ооруканасына жеткирилип, ал жакта ага операция жасалган. Ал эми катардагы жоокер Ж.Сагынбай уулу Исфана шаардык ооруканасына жаткырылган. Учурда алардын абалы орто.

Айта кетсек, 16-январь күнү саат 22:50 чамасында Лейлек чек ара кошуунунун “Айкөл” чек ара тозотуна белгисиз адамдар куралчан кол салышкан. Анда бир аскер кызматкери каза таап, эки чек арачы жарадар болгон. Азырынча окуянын келип чыгуу себептери тактала элек. Айрымдар аңчылык куралдан ок атылганын айтышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
temirov76
2015-01-17 16:34:07
Ж Сагынбай уулун да ошко алып барып дарыласа болбойт бекен лейтенантка кошуп?
+1
Dadasdasd
2015-01-17 17:47:20
temirov76,жарааты женилирээктир да.
0
Drogba
2015-01-17 22:46:56
Качан биздин олкодо закон кучуно кирет экен бир жагынан озбектер бир жагынан тажиктер тажатыго ак уйдо курсагын сылагандарды ичин жарыш керек.
+3
Xabibbullo
2015-01-18 05:43:17
Сак болгула болгон чек араны кучтош керек бир жакты эле карабастан. Бир жагынан алаксытып экинчи жагынан кирип кетишине тоскол болгондой болуп.
+2
nurgazy.kgz
2015-01-18 13:03:37
Кыргыз мамлекетибизде ичтен да сырттан да душмандарыбыз кол салышууда, Кыргыздар эртерээк ойгонбосок болбойт антбесек бизди башка улуттагылар жеп бүтөтго, ойлонолу Кыргыздар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан