Кыргызстандын тоолуу аймактарында 19-январда көчкү жүрүү коркунучу жогору, себеби - күтүлүп жаткан жаан-чачын. Тоолуу аймактардагы унаа жолдорунда кар күрткүсү болушу күтүлөт, жолдор тайгак болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертип жаткандай, кооптуу аймактар: Бишкек - Ош жолунун 121-137, 198-265-чакырымдары, Талас - Бишкек жолунун 198-210-чакырымы, Өтмөк ашуусу, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150-чакырымдары, Ала-Бука - Каныш-Кыя жолунун 62-100-чакырымы, Каракол - Эңилчек жолунун 45-90-чакырымы, Казарман - Ак-Тал-Чат жолунун 67-94-чакырымы, Кара-Коо ашуусу. Айдоочулар аталган жолдор аркылуу жүрүүдө сак болушу керектиги эскертилет.