Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов: “Пайгамбардын сүрөтүн тартуу - мусулмандар тарабынан жактырылбаган жат көрүнүш”

Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов дүйнөдө ар түрдүү терс окуялардын исламга байланыштырылып жатканы боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун казысы пайгамбардын сүрөтүн тартуу мусулмандар тарабынан жактырылбаган жат көрүнүш экенин, пайгамбар тарабынан мындайга уруксат берилбегенин белгиледи. “Кыргызстанда толеранттуулук жана сабырдуулугу менен өзгөчөлөнгөн ислам дининин Ханафий мазхабы таралгандыктан, радикалдашкан күчтөрдүн исламга жамынып, түрдүү дүрбөлөң чакырыктарды таштоосуна жол берилбейт. Андыктан бул жаатта карасанатай күчтөрдүн куралына айланып калбоо керек. Ислам башка диний ишенимдерге сый мамиле жасоого чакыргандай, башкалардын да исламдын баалуулуктарына, сезимталдуу маселелерине сый-урмат мамиледе болуусуна үндөйт. Исламдын тарыхый жолу илим-билим, маданият, бийик адеп-ахлактуулук менен өнүгүп келген. Андыктан исламды жаманатты кылууга эч кимдин акысы болбошу керек”,- деп кошумчалайт Ош облусунун казысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurmuxammet
2015-01-19 14:30:57
Жакшы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан