Бүгүн, 19-январда Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында шаардык базардын ишкерлери менен мэр Салайдин Авазов жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушууда ишкерлер Ленин көчөсүнүн эки тарабы темир тосмолор менен тосулганына каршы пикирлерин билдиришип, алардын ишине тоскоол болгонун айтышты. Шаар мэри ишкерлерге мыйзамдын гана чегинде жумуш аткарылып жатканын билдирди жана иштерине тоскоолдуктар болбостугун белгиледи.
Айта кетсек, тосмолор тосулганы менен, шаар көркүнө көрк берип, эл үчүн өтүүгө ыңгайлуу көпүрө курулгандыгы унаа тыгындарынын болбоосуна жана жол кырсыктарынын алдын алууда жакшы шарт түзүлгөнү мэрия тарабынан айтылды.