Мухаммед пайгамбардын чачы 25-январь күнү Дагестандан Орусиянын Москва шаарына алынып келинип, “Крокус Сити Холл” залына көргөзмөгө коюлат.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, пайгамбарыбыздын чачы атайын чоңойтуп көрсөтүлүүчү айнек идишке салынган. Бул Мавлид айына карата уюштурулуп жатканы айтылды.