ӨКМнын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда "Жашыл долбоорду" ишке ашыруу максатында жумушчу топтун өз ара аракеттенүүсүнүн уюштуруу жыйыны болуп өттү. Аталган долбоордун алкагында быйыл 285,5 гектар жер аянтына 123 665 көчөт жана 980 килограмм урук отургузулуусу болжонууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйындын алкагында 2015-жылга карата иш-чаралар жыйынынын катышуучулары тарабынан колдоого алынып, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлөрү белгиленди. Болжолдуу маалымат боюнча, ар түрдүү өзгөчө кырдаалдан 625 кожолук, 2563 турак жай, 574,3 гектар жер аянты, 44,8 чарчы метр жол, 16 мектеп, 1 бала бакча, 16 ЛЭП, 15 гектар бак, 2 көпүрө, 1 клуб, 3 чарбалык жол, 1 ФАП, 1 аймактык кеңештин имараты, 1 суу топтоочу жай коргойт. Андан тышкары мөмөлүү дарактардын көбөйүшү элдин жашоо-шарттарынын жакшырышына да өбөлгө болору айтылды.
Эске салсак, "Жашыл долбоор" министр Кубатбек Боронов тарабынан демилгеленип, 2014-жылы республика боюнча 30 622 гектар жер аянтына 89 156 көчөт, 915 килограмм урук отурузулган. Алардын өнүмдүүлүгү орточо 75-85 пайызды түзгөн. Эгерде бул көчөттөр көктөп калса, келечекте боло турган өзгөчө кырдаалдан 1508 турак жайларды, 1 бала бакчаны, 1 айыл аймактын имаратын, 2 чакырым унаа жолду коргой тургандыгы айтылган.