АКШда 18 жаштагы кыз өзүнүн атасына турмушка чыгып, андан бала төрөгөнгө камынууда. Атасы менен кызынын пикиринде, генетикалык көйгөй - бул жөн гана ойдон чыгарылган нерсе жана ал карандай калп. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, бул ой кыз менен атасына 2 жыл мурун келген. 12 жыл бою кызын көрбөгөн ата социалдык тармак аркылуу байланышып, кыз мектепте окуп жүргөндө эле алардын ортосунда сүйүү пайда болгон.
Учурда кыз 18ге толуп, журналисттерге өзүнүн атасына турмушка чыкканга бел байлап жатканын айткан. Бул үчүн экөө Нью-Жерсиге көчүп кетүүнү пландашууда. Бул америкалык штатта чоңойгон кишилер ортосунда кан бузуу мыйзамсыз эмес. Ошондой эле кыз кимге күйөөгө чыгарын апасына көчүп кетишкенден кийин кабарлай турганын билдирген.