Камчыбек Ташиев: “Динибизди коргой албасак, башкалардын мазактоосуна жол берсек, динибизди сүйбөгөн болобуз”

Бүгүн, 20-январда Бишкектеги М.Горький атындагы сейил бакта мусулмандардын тынч митинги өтүүдө. Митингдин катышуучусу, “Республика – Ата Журт” партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев сөз алып, төмөнкүдөй ой бөлүштү: “Бүгүнкү иш-чарага мени эч ким чакырган жок. Болуп жаткан иштерге кайдыгер карабаган мусулман катары өзүм келдим. Эгер биз өз динибизди коргой албасак, башкаларга мазактоого жол берсек, динибизди сүйбөгөн болобуз. Исламга каршы чыккандар мусулмандарды террорчу катары көрсөтүүгө аракет кылышууда. Ислам дини таза, ыйык дин экенин далилдеш үчүн бүгүн биз ушул чогулушка чыктык”.

Кошумчалай кетсек, катышуучулардын сүйлөгөн сөздөрүнөн кийин чогулгандар “Аллаху Акбар” деп жапырт үн кошуп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
paren
2015-01-20 12:39:24
Жарайсынар
+5
Uli6886
2015-01-20 12:40:57
Туура айтасыз Камчы мырза.
+2
Ern
2015-01-20 12:42:13
Оо эң туура кыласыңар 5+
+3
Kairatmyn
2015-01-20 13:07:05
Акча бербегени учун эл аябай аз чыгыптыр э? Уят уят озубуздун динибизди озубуз сыйлабасак башкалар эч качан сыйлабайт. Кече Чеченстанда милиондон ашык адам ИСЛАМдинибизди коргон митинге чыкты аларга каранда биз коз карандысыз мамлекетпизго. Кана жанагы бакылдагандар. Камчы брат азаматсыз.
+4
paren
2015-01-20 13:58:08
Kairatmyn, сиздин дагы мекениниз уят деп айтканыныз болбойтта байке
-2
Aibek..
2015-01-20 14:17:00
Kairatmyn,эмне Акча берген учун келет беле ислам динин суйгон учун скелет да ойноп суйлосон да ойлоп суйло
+1
kg-zzzzz
2015-01-20 14:10:29
kairatmyn сен акча берет деп барып алдын беле акча бербеген учун эл аз чыкты деп уверенно суйлоп калдын озун акча учун баарына дайын экенини билдирип атасында
0
Kalin466
2015-01-20 15:39:36
Ташиев пиар кыла коюптурда мында да.
-2
KIPCHAK-KALMAK
2015-01-20 17:19:56
Мнеге аз адам окунучтууу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан