“Бишкек суу-канал” башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, эртең 21-январда саат 01:00дөн 22:00гө чейин Д-1000 миллиметр муздак суу түтүгүнүн курулуш-монтаж иштерине байланыштуу таза суу берилбейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Таза суу төмөнкү конуштарда берилбейт: Арча-Бешик конушунун Жайыл баатыр көчөсү, Ак-Өргөө конушунун Ак-Шоокум көчөсү, Ак-Ордо конушундагы Безымянная көчөсү, Орок, ошондой эле Достук, Төмөнкү Орок, Жогорку Орок жана Селекция айылдарында.
“Бишкек суу-канал” башкармалыгы шаар тургундарынан ыңгайсыздык жаратканы үчүн кечирим сурайт жана элди, мекеме-уюмдарды ичүүчү суу камдап алууга чакырат.