Ош шаарында электр энергиясын авариялык өчүрүү кыскарды

2015-жылдын 19-январына чейин Ош шаарында электр энергиясын авариялык өчүрүү 40 жолу орун алган. Ал эми 2014-жылдын ушул эле мезгилинде көрсөткүч 117ге барабар болгон. Бул тууралуу 20-январда шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Ош шаарынын вице-мэри Кутманалы Абдрахман уулу билдиргендей, бул көрүнүш күз-кыш мезгилине карата даярдыктар алдын ала жакшы жүргүзүлгөндүгү менен түшүндүрүлөт.

“Быйыл электр тармагына 137 миллион сом инвестиция салынып, жаңы “Ош электр” ишканасына 74 ар кандай кубаттуулуктагы жаңы трансформатор алынды. Бүгүнкү күндө анын 35и шаардын керектүү жайларына орнотулду. Мындан сырткары жыл башынан бери 1 миллион 241 миң киловатт электр энергиясы үнөмдөлдү”,- деди Абдрахман уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан