Кечээ, 19-январда борбор калаадагы мектептерде окуу башталды. Окуучулардын жана мугалимдердин саламаттыгын текшерип, кызамык оорусун жуктурбаганын аныктоо үчүн атайын медициналык кызматкерлер иш алып барышууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Саламаттыкты сактоо департаменти борбор калаадагы ооруканаларда аталган ооруга каршы 24 миң доза вакцина бар экенин маалымдаган. Ал эми Республикалык иммунопрофилактикалык борбордо 58 миң доза кызамык оорусуна каршы каражат бар.
Кызамык оорусунун жайылышына байланыштуу Саламаттыкты сактоо департаменти аталган оорунун алдын алуу үчүн ата-энелерди балдарын кызамыкка каршы эмдөөгө чакырууда. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, ооруга чалдыгып келгендердин арасында жаш балдар менен катар эле студенттердин бар экендиги айтылган.
Кызамык - катуу кармай турган жугуштуу оору. Анда эт ысып, жөтөлүп, мурун бүтүп, үн каргылданат, көздүн, ооздун былжыр чели сезгенип, териге кызыл бүдүрлөр чыгат. Кызамыкты вирус козгойт. Оорулуу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө анын шилекейи, какырыгы менен вирустар абага тарап, соо адамга өтө тез жугат. Кызамык менен бардык кишилер оорушат. Ооругандарда туруктуу иммунитет пайда болот. Көбүнчө 5 жашка чейинки балдар оорушат. 3 айга чейинки бала демейде оорубайт, анткени ага бала кезинде ооруган эненин иммунитети берилет. Бала кезинде кызамык менен оорубаган энеден төрөлгөн балдар 3 айга чейин деле ооруп калышы ыктымал.