Бүгүн, 20-январда Бишкектеги М.Горький атындагы сейил багында мусулмандардын "Мен пайгамбарымды сүйөм!" деген аталыштагы тынч митинги өттү. Ага 300гө жакын адам катышып, алардын арасында 50 чакты аял да болду. Ал эми белгилүү адамдардан Жогорку Кеңештин депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Равшан Сабиров, Ыргал Кадыралиева, "Республика - Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө К.Ташиев сөз алып,
“динибизди коргой албасак, башкалардын мазактоосуна жол берсек, динибизди сүйбөгөн болобуз” деген
пикирин айтты. Андан соң ал
"Исламга каршы чыккандар мусулмандарды террорчу катары көрсөтүүгө аракет кылышууда. Ислам дини таза, ыйык дин экенин далилдеш үчүн бүгүн биз ушул чогулушка чыктык" деп сүйлөгөндө чогулгандар “Аллаху Акбар” деп жапырт үн кошушту.
Турсунбай Бакир уулу өз сөзүндө Парижде редакцияга чабуулдан улам набыт болгон француз журналисттерин сынга алды. "Франция эли өз тарыхында улуу адамдарга бай. Улуу жазуучулар, сүрөтчүлөрдүн аттары бүт дүйнөгө белгилүү. Ал эми пайгамбарыбыздын карикатураларын тарткандар бул тизмеден алыс. Сионисттер болуп саналган айрым мекендештерим ушул 12 француз журналистинин өлүмү боюнча көңүл айтканы мени уят кылды. Неге алар жүздөгөн мусулмандар өлүп жатканда унчукпай отурушат? Неге алар бүгүн бул жакка келишкен жок? Мындай эки жүздүү болбош керек",- деди депутат.
Бир жарым саатка созулган жыйналыш куран окуу менен аяктады. Эч кандай укук бузуу байкалган жок.