Ош шаарынын окуучулары эл аралык олимпиадада ийгиликке жетишти

Казакстандын Алматы шаарында математика, физика жана информатика боюнча Жаутыков атындагы Эл аралык олимпиадада Ош шаарынын окуучулары 3 коло медаль тагынышты. Байгелүү орундарды Темирлан Улукбек уулу физика сабагынан, Кадырбек Нармаматов жана Зарлык Усубалиев информатика сабагынан ээлешти. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Казакстандын белгилүү математиги, академик О.Жаутыковдун ысымын алып жүргөн олимпиада 11-17-январь аралыгында өтүп, 15 өлкөдөн 60 команда катышты. Жалпы медалдардын саны боюнча Казакстан 1-орунду, Орусия 2-орунду жана Сербия 3-орунду алды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aybekerlan
2015-01-21 09:49:39
Ош шаарынын кайсы мектебинин окуучулары, маалыматты толуктап койосуңарбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан